Жеңижоктун Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.

Описание к видео Жеңижоктун Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.

Жеңижок акын Арстанбек акындын даңкын угуп, бир көрүүгө ынтызар болуп эңсеп жүрүп, Каркырага издеп барып жолугушкан экен.Анда Жеңижок акын Кадимки Эсенаман Нурмолдо Наркүлдү жеңип элге таанылып калган кези болот.Жеңижок атабыз жай мезгилинде барат Арстанбектин айылы Каркырада жаткан экен.Жеңижок аттан түшүп жанындагы жигити менен салам айтып үйгө кирет.Аттарын алып эшик ачкан киши да болбойт.Үй ичинде Арстанбек кара көрпө көлдөлөңдүн үстүндө ичик жамынып жамбаштап жаткан болот.Киргендерге анчалык назар салбай ооз учунан алик алат.Буга Жеңижок тырчый түшүп кетеличи деп артты көздөй бурулганда, жанындагы жолдошу ырда анан көрө жатабыз дегендей белги берет.Ошондо Жеңижок атабыз комузун алып Арстанбек акынга саламдашып ырдап өзүн тааныштырып жайын айтат.Арстанбек атабыз Жеңижоктун саламын алик алып айт дегенин айтып Ак батасын берип ырдаган экен...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке